Редакцияот 24.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 24-январы № 59/У111-27

Акы төлөнүүчү коомдук жумуш мезгилинде айлык акыны жогорулатуу жөнүндө

 

Ысык-Ата райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын 2018 жылдын № 08-7/27 “Акы төлөнүүчү коомдук жумуш мезгилинде айлык акыны жогорулатуу ” сунуштамасынын негизинде Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акы төлөнүүчү коомдук жумуш мезгилинде айлык акыны айына 1500 сомго жогорулатуу.

2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн каржылоосу бул токтомдун негизинде жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Суваналиев