Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы № 181/26-4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-марты № 129/19-4
Токмок шаардык кеңешинин биргелешкен туруктуу өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык турак жай кызматтары боюнча, мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссияларынын чечимдеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамды жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Административдик кодексинин 509 беренесине ылайык, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык мэриясынын административдик укук бузууларды кароо боюнча административдик комиссиясынын Жобосу бекитилсин.
2. Токмок шаарынын мэриясы административдик укук бузуларды кароодо толугу менен ушул Жобону так жетекчиликке алсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын Токмок шаардык кеңешинин туруктуу өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык турак жай кызматтары боюнча, мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Токмок шаардык кеңешинин
2018-жылдын 20 мартындагы
№ 129/19-4 токтомуна
№ 1 тиркемеси
Административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Токмок шаардык мэриясынын административдик комиссиясы жөнүндө
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Токмок шаардык мэриясынын административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Токмок шаардык мэриясынын административдик комиссияны түзүү тартибин, ишин жана ыйгарым укуктарын аныктайт (мындан ары - Комиссия).
2. Комиссия Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 509-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексине ылайык Токмок шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарына кирген административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого укуктуу.
3. Комиссиянын негизги милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз укуктарынын чектеринде административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана административдик айып салуу болуп эсептелет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 176 токтомун, ошондой эле Өкмөт менен Комиссиянын ишин теске салуучу Токмок шаарынын аткаруу органынын башка чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия отчёттуу:
Токмок шаарынын мэрине;
Комиссия жыл сайын, кезектеги отчёттук мезгилден (жылдан) кийин, 15-январдан кечиктирбестен Токмок шаардык мэриясына жана Токмок шаардык кеңешине өткөн календарлык жыл үчүн аткарылган иштер жөнүндө отчёт берет жана админстративдик укук бузуулардын алдын алуу жана аны болтурбоо тажрыйбасы боюнча чараларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет.
6. Ушул Жободо көрсөтүлбөгөн Комиссиянын ишинин тартиби, формасы Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык Токмок шаардык мэриясы тарабынан аныкталат.
2. Комиссияны түзүү тартиби