Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9 -февралы № 3
«Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-пунктуна ылайык Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын 2 жылдык мөөнөтү аяктагандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-2-3-4-7-пункттарына ылайык Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын резервдеги мүчөлөрүн толуктоо учун сунушталган талапкерлердин тизмесин бекитип берүү жагы Борбордук Шайлоо Комиссиясынан суралсын (тизме тиркелет).
3. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго жүктөлсүн.
Төрага | Р. Жунусакунов |