Редакцияот 15.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курманбек айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2017-жылдын 15-августу № 1

"Курманбек айыл өкмөт башчысынын аткарган иши жөнүндө"

 

Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы, айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 6 айда аткарган иштери боюнча маалыматын угуп, талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курманбек айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 6 айда аткарган иши канааттандырарлык деп табылсын.

2. 2017-жылдын 20-сентябрына чейин чөп орок жерлерди тактоо жер адиске жүктөлсүн.

3. Курманбек айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы 6 айга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча ФЭБ башчы Э.Эрматованын маалыматы угулгандыгы белгиленсин.

 

Төрага

Ч. Тайгараев