КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2017-жылдын 30-октябры № 1
"Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 9 айга аткарган иштери жөнүндө"
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, айыл өкмөт башчысынын 2017-жылдын 9 айда аткарган иштери боюнча маалыматын угуп, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл өкмөт башчысынын 2017-жылдын 9 айда аткарган иши боюнча угулгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Боронбаевдин берген маалыматы боюнча кемчиликтерин жоюу жана көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төрагасынын орун басары К.Кебекбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |