Редакцияот 25.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 11-сессиясынын (кезексиз)

 

2017-жылдын 25-июлу № 11/1

«Авлетим айыл аймагынын Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Авлетим айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2 беренесинин 4-абзацына ылайык, Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 25-июлундагы № 166 сандуу сунушуна ылайык, Авлетим айыл аймагынын Мукур айылынын тургуну, эмгектин ардагери Абдрахманов Абдиназарга «Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын.

2. «Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны» наамын тастыктаган күбөлүк-баракчаны жана тулку боюна илинүүчү тасманы даярдап, ардактуу наамды алган Абдархманов Абдиназарга тапшырууну уюштуруу Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясына [Шабданов К.М] жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Шырдаков