Редакцияот 07.02.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Боо-Терек айылдык округунун, XXIX чакырылышындагы жергиликтуу өз-алдынча башкаруу Кенешиндеги депутаттардын көзексиз XX сессиясы

 

2011-жылдын 7-февралы № 4

"Боо-Терек айылдык округунун аймагындагы «Жики-Арык», «Бош-Моюн», «Көк-Жар» арык каналдарын айыл өкмөттүн балансына алуу жөнүндө"

 

Боо-Терек айылдык округунун XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешинин депутаты У. Барпыбековдун Боо-Терек айылдык округунун аймагындагы «Жики-Арык», «Бош-Моюн», «Көк-Жар» арык каналдарын айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө сунушун угуп, талкуулап Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айылдык округунун аймагындагы «Жики-Арык», «Бош-Моюн», «Көк-Жар» арык каналдары айыл өкмөттүн балансына алынсын.

2. Боо-Терек айылдык округунун аймагындагы «Жики-Арык», «Бош-Моюн», «Көк-Жар» арык каналдарын айыл өкмөттүн балансына өткөрүп алуу жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистери И. Кермалиевге, Дж. Аблаевдерге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

Э. Смайылбеков