Редакцияот 21.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Боо-Терек айылдык округунун, XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеӊешиндеги депутаттардын көзексиз XXIV сессиясы

 

2011-жылдын 21-сентябры № 1

"Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысын шайлоо жөнүндө"

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук Шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 17-августундагы № 155 токтомун жана Талас областынын Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1 протоколунун жыйынтыгын карап чыгып, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас областынын Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1 протоколунун жыйынтыгы туура деп табылсын.

2. Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Кермалиев Идирис Дуйшенкулович көпчүлүк добуш менен шайлангандыгы эске алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу К. Акылбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Э. Смайылбеков