Редакцияот 29.11.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Боо-Терек айылдык округунун, XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеӊешиндеги депутаттардын көзексиз XXV сессиясы

 

2011-жылдын 29-ноябры № 2

"Боо-Терек айылдык округунун жаңы бүтүрүлгөн муниципалдык «күрөш» спорт-залына Исак Отунбаев атындагы муниципалдык «күрөш» спорт-комплекси деп ысым коюу жөнүндө"

 

Боо-Терек айылдык округунун жаңы бүтүрүлгөн муниципалдык «күрөш» спорт-залына Боо-Терек айылдык округунун Исак Отунбаев атындагы муниципалдык «күрөш» спорт-комплекси деп ысымын коюу максатында, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айылдык округундагы жаңы бүтүрүлгөн муниципалдык «күрөш» спорт-залы Боо-Терек айылдык округунун Исак Отунбаев атындагы муниципалдык «күрөш» спорт-комплекси деп аталсын.

2. Боо-Терек айылдык округундагы жаңы бүтүрүлгөн муниципалдык «күрөш» спорт-залына Боо-Терек айылдык округунун Исак Отунбаев атындагы муниципалдык «күрөш» спорт-комплекси деп ысымын коюу жагы Бакай-Ата райондук Кеңешинен сунушталсы.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңешине жүктөлсүн.

 

Төрага

Э. Смайылбеков