Редакцияот 29.11.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Боо-Терек айылдык округунун, XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеӊешиндеги депутаттардын көзексиз XXV сессиясы

 

2011-жылдын 29-ноябры № 5

"Боо-Терек айылындагы «Б. Сатыбеков» атындагы орто мектебинин ашканасына таза-суу киргизүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 9 000 сом акча бөлүп берүү жөнүндө"

 

"Боо-Терек айылындагы «Б. Сатыбеков» атындагы орто мектебинин ашканасына таза-суу киргизүү максатында, жергиликтүү бюджеттен 9 000 (тогуз миң) сом акча бөлүп берүү үчүн, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айылындагы «Б. Сатыбеков» атындагы орто мектебинин ашканасына таза-суу киргизүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 9 000 (тогуз миң) сом акча бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун иш жүзүнө ашырылып, аткаруу жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерии А. Мамбетовага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысы И. Кермалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Э. Смайылбеков