Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2017-жылдын 14-декабры № 10/5
«“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык деп табылсын (отчет тиркелет).
2. Кетирилген кемчиликтерди четтетүү жагы “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси З. Бойзоковго жана Исфана шаарынын мэри А. Д. Анарботоевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тагаев |
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2017-жылдын 14-декабрындагы кезектеги Х сессиясынын №10/5 токтомуна тиркеме |
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө төмөнкү кызматкер 5 жооптуу кызматкер, 6 кассир контролер, 5 ремонттоо бригадасы, 5 күзөтчү, 1 тракторист, 1 завхоз жана 1 техничка жалпысынан 25 кызматкерлер эмгектенишет. Андан сырткары 1 кызматкер Чимген айлында келишим менен эмгектенип келет. “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы Исфана шаарынын мэриясына караштуу тийиштүү айылдарды жана Исфана шаарындагы мекеме-уюмдарды, мектеп жана бала бакчаларды таза суу менен камсыз кылып келүүдө.
1.2017-жылда 12 ай ичинде Исфана шаарынын тургундарынан келип түшкөн арыздардын саны 128 арыз катталган.
2017-жылдын 12 айлыгында элден түшкөн төлөнүүчү төлөмдөр 2 138 514 сом, коммерциялык точкалардан 150 797 сом, Бюджет мекеме, ишканалардан 524 383 сом жана суу түтүгүн кошуу, ондоп түздөө иштеринен 231190 сом. Жалпы суммасы – 3 044 884 сомду тузду. Эмгек акысына, соцфондго, салыктарга, 5%тик кредитке,коммуналдык иштерге, транспорттук пайдаланууга административдик иштерге, ондоп түздөө иштерине жалпысынан – 3 044 844 сом чыгымдалган.
2.Лесная көчөсүндө скважинада насос ремонттолуп, кайрадан орнотулду (30 000 сомдук) .
3. “Ас-Сафа” балдар интернатына узундугу 500 метрге суу түтүгуү тартуу учун казуу жана монтаждоо иштери жүргүзүлдү (31300сомдук).
4.Тарифтер мыйзамдаштырылып, монополияга каршы жөнгө салуу башкармалыгы тарабынан бекитилди.
5. 2- кичи районунун Э.Эгембердиев жана К.Кундузов көчөлөрүндө суу буруучу задвижкалар алмашып, керектүү жерлерге ремонттолуп коюлду(10000 сомдук).
6.Тоголок Молдо көчөсүндөгү 2- кичи районунда авария болуп,d =200мм 8метр суу түтүгү алмашылды (7500 сомдук).
7.«Исфана таза суу» муниципалдык ишканасына караштуу суу резервуарлары тазаланып, санитардык сапатын жакшыртуу боюнча хлорлонду. Жогоруда аталган ишканага караштуу суу түтүктөр күн сайын ремонттолуп элди ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча өз убагында жумуштар аткарылып, көзөмөлдөнүүдө (45 000 сомдук).
8.Тоголок Молдо көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы 12 кожолукту суу менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер жүрүп,аталган көчөдө суу түтүктөрүнө чункур казылып, жогоруда аталган көчөнүн тургундары таза суу менен камсыз болушту. (Ашар жолу менен 45000 сомдук).
9.2017-жылдын апрель жана май айларында “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы менен таза суу пайдалануучулар ортосунда келишимдер 97 % тузулду.
10.Голбо айылындагы суу түтүктөрү текшерилип чыгып, арыз даттануулар боюнча 170м d =25мм суу түтүгү жаныланды (6400 сомдук).
11. Суунун акчасын төлөбөгөн көчөлөрдүн суу түтүктөрү жабылып салынды, ошондой эле суунун акысын төлөбөгөн 14 жарандын кранттары акттын негизинде кесилип суу берүү токтотулду.