Редакцияот 09.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы

2018-жылдын 09-февралы № 9/6

Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укук мөөнөттөрү аяктаганына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн зарыл саны калбагандыгына байланыштуу, анын жаңы курамын түзүү максатында, «КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» КР Мыйзамынын 19-беренесинин 7-пунктуна жана КР БШКсынын кайрылуусуна негиз, Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жарандардын жана коомдук уюмдардын чогулуштарынан келип түшкөн токтомдорду карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Жарандардын жана коомдук уюмдардын чогулуштарынан көрсөтүлгөн талапкерлер Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталсын (тиркелет).

2. Кербен шаардык Кеңешинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамын бекитип берүү жагы КР БШКсынан суралсын.

3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Шадыбеков