Редакцияот 17.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы

2017-жылдын 17-майы № 2

Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө

Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги 2- маселеси Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, I андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин экономика , бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Э.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т.

1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши негизинен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.

2. Ак-Жол базарында сатуучулар жана кардарлар үчүн жакшы шарттарды түзүү , мал базарды ылайыкташтыруу жагы Ак-Жол базарынын жетекчиси Н.Мырзабековго милдеттендиирлсин.

 

Төрага

Т.Батыралиев