Редакцияот 17.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы

2017-жылдын 17-майы № 3

Ак-Жол айыл аймагынан регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн Ак-Жол айылындагы эс алуу паркынын курулушун толук бүткөрүү долбоорун сунуш кылуу жөнүндө

Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги 3- маселеси Ак-Жол айыл аймагынан регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн Ак-Жол айылындагы эс алуу паркынын курулушун толук бүткөрүү долбоорун сунуш кылуу жөнүндө А.Сатыбалдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т

  1. Ак-Жол айыл аймагынан регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо проектисине сунуш кылуу үчүн Ак-Жол айылындагы эс алуу паркынын курулушун толук бүткөрүү долбоору алгылыктуу деп табылсын .
  2. Бул долбоордун тиешелүү иш кагаздарын жана документтерин даярдоо жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн соц .адиси А.Сатыбалдиевке милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Батыралиев