АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
2017-жылдын 17-майы № 6
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн салык кызматкеринин мамлекеттик салыктарды чогултуудагы жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги алтынчы маселеси Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн салык кызматкеринин мамлекеттик салыктарды чогултуудагы жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин экономика , бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Э.Эшалиевдин билдирүүсүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III- сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
- Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5 айына карата мамлекеттик салыктардын жана жыйымдардын топтолушу ,план тапшырмалардын аткарылышы ,салыктын кээ бир түрү толбогондугуна карабастан жалпысынан аткарылгандыгы белгиленсин.
- Айыл Өкмөтүнүн салык кызматкери Н Мырзатаевге салыктын кээ бир аткарылбаган түрлөрүнүн үстүндө иш алып баруу жагы милдеттендирилсин жана элди тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштеринин абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.
Төрага | Т.Батыралиев |