Редакцияот 17.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы

2017-жылдын 17-майы № 7/4

Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси М. Смановдун билдирүүсүн кароо жөнүндө

Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III - сессиясынын күн тартибиндеги 7/4- маселеси Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси М. Смановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III - сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т

1. Асфальт төшөө иштери башталганы жаткандыктан Ак-Жол , Райкомол айыл тургундарынын короо-жайына туш келген , жалпысы 4068 м2 жер аянты жол куруу үчүн өткөрүлүп берилсин (тизме тиркелет).

2. Айылдык Кеңештин жана айыл Өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

 

Төрага

Т.Батыралиев