Редакцияот 25.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

2017-жылдын 25-июлу № 8

«Масы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жылдын 6 айындагы көрсөткүчтөрү жана 2-жарым жылга коюлган милдеттери жөнүндө”

15-июль 2011-ж. №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46, 50-беренелеринин негизинде Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Назаровдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жылдын 6 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2-жарым жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жылдын 6 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2- жарым жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.

2. Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жылдын 6 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2- жарым жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү канааттандырарлык деп табылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мирзахматовго тапшырылсын.

 

Төрага

А.Нарматов