Редакцияот 25.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2017-жылдын 25-августу № 6

«Масы муниципалдык комбинатына 2017-жылга кошумча бюджетин бекитүү жөнүндө»

Күн тартибиндеги маселени жана Масы муниципалдык комбинатынын жетекчиси О.Макамбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы муниципалдык комбинатынын жетекчиси О.Макамбаевдин маалыматы эске алынсын.

2. Масы муниципалдык комбинатынын 2017-жылга кошумча киреше жана чыгаша чыгымдары №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, экономика маселелери боюнча туруктуу  комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго тапшырылсын.

 

Төрага

А.Нарматов