Редакцияот 25.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2017-жылдын 25-августу № 13

“№ 4 Алтын-Бешик балдар бакчасында кошумча ачылган 170 орунга эмеректерди жана инвентарларды сатып алуу долбоорун кароо жөнүндө”

Кун тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы айыл өкмөтүнүн аймагындагы “№ 4 Алтын-Бешик балдар бакчасында кошумча ачылган 170 орунга эмеректерди жана инвентарларды сатып алуу долбоор артыкчылыктуу деп табылсын.

2. Масы айыл өкмөтүнүн аймагындагы “№ 4 Алтын-Бешик балдар бакчасында кошумча ачылган 170 орунга эмеректерди жана инвентарларды сатып алуу долбоорун ишке ашыруу үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 150520 (бир жүз элүү миң беш жүз жыйырма) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Нарматов