Редакцияот 22.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезектүү IV- сессиясы

2017-жылдын 22-декабры №30

Бел-Кара-Суу айылынын тургуну К. Кулбачаевдин элдин атынан кайрылуусу жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бел-Кара-Суу айылынын тургуну К. Кулбачаевдин элдин атынан кайрылуусу эске алынып, Бел-Кара-Суу айылына жаңы салына турган мектептин жеринин кызыл китебин алууга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 17800 сом акча каражат бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына, акча каражатын берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.

3. Бул токтом www.kyzvl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

А.Маканбаев