Редакцияот 28.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 28-июну № 49

Бакай-Ата айыл аймагында таза суу скважинасын орнотуу жана суу трассасын тартуу жөнүндө

Ленинполь айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 28-июнундагы кезексиз 7-сессиясы Бакай-Ата айыл аймагында таза суу скважинасын орнотуу жана суу трассасын тартуу долбоорун Талас облусун өнүктүрүү фондусуна долбоорду даярдоо карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бакай-Ата айыл аймагында таза суу скважинасын орнотуу жана суу трассасын тартуу долбоору максаттуу жана керектүү деп табылсын.

2. Долбоорду ишке ашыруудагы тиешелүү 2 985 000 (эки миллион тогуз жүз сексен беш миң) сом суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Шадыбеков