Редакцияот 26.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 26-майы № 31

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу

Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтомунун негизинде иш алып баруусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Салык кызматынын айрым ыйгарым укуктарын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү келишимин карап чыгып Ленинполь айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 26-майындагы 6-кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Салык кызматынын айрым ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн келишими бекитилсин.

2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Шадыбеков