Редакцияот 15.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 15-сентябры № 58

Бакай-Ата айылынын Каныбек жана К.Айткул көчөлөрүнүн жашоочуларынын кайрылуусун кароо жөнүндө

Ленинполь айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 15-сентябрындагы кезексиз сессиясы Бакай-Ата айылынын Каныбек жана К.Айткул көчөлөрүнүн жашоочуларынын кайрылуусун карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бакай-Ата айылынын Каныбек жана К.Айткул көчөлөрүнүн жашоочуларынын түнкү жарыктандырууну орнотуп берүү боюнча кайрылуусу 2018-жылдын бюджетинде каралсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн. 

 

Төрага

Н.Шадыбеков