КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кууганды айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын 15-сессиясы
2018-жылдын 17-апрели №19
Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кууганды айылдык Кеңешинин депутаттарынын 2017-жылдагы токтомдорунун чечимдеринин аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчы А.Жолдошовдун маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2018-жылдын 28-мартындагы элдик жыйында чегерилген баалары 2018-жыл үчүн бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн имаратына тоскоолдук жаратып жаткан Кара талдардын бутактарын кыйып, иретке келтирүүгө айыл өкмөт башчысына уруксат берилсин.
4. Кууганды айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн элдик жыйында сунушталган элдик комиссиянын курамы бекитилсин.
5. Айылдагы малчылардын жайлоого жазгы көчүп-конуу иштерин кароо жайыт комитетинин төрагасы О.Сейталиевге жана аны көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6. Жарандардан түшкөн арыз боюнча элди уюштуруп, элдик жыйын өткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Жолдошовго милдеттендирилсин.
7. Мектептин аз камсыз, жашоо шарты начар 5 балага мектептин директору менен байланышып, балдарга керектүү кийим-кечектерин алып берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Тайтекеев |