Редакцияот 07.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

 

2017-жылдын 07-декабры №10/4

Соң-Көл орто мектебинин директорунун кайрылуусун кароо жөнүндө

Соң-Көл орто мектебинде жылуулук системасы жакшы болбой жаткандыгына байланыштуу мектеп директору К.Мамбеталиевдин кайрылуусун карап Сон-Көл айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Соң-Көл орто мектебинин полу цемент болуп окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугуна кедергисин тийгизип келүүдө, ошого байланыштуу пол койдуруу үчүн 2 класстын окуй турган бөлмөсүнө 81000 миң сом акча каражаты каралсын.

2. Башкы эсепчи Р.Калмамбетовага акча каражатын которуп берүү жагы милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Жакыпов