Редакцияот 21.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Гулистан айылдык кеңешинин (VI- шайланган) кезексиз VI-сессиясынын

 

2017-жылдын 21-июну № VI-2

Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын аймактык болүнүшү тарабынан Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдан 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декбрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын кароо жөнүндө

Гулистан айыл кеңеши Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын аймактык болүнүшү тарабынан Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдан 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декбрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын карап чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын аймактык болүнүшү тарабынан Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдан 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декбрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын боюнча аныкталган финансылык тартип бүзүүларды тез аранын ичинде четтетүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

2. Аудиттик текшерүүдө аныкталган дебитордук карыздарды өндүрүү жана бюджетке төктүрүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш.Таштемировго тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

И. Ташматов