Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № IХ-2
Гулистан айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жана айыл аймагынын 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл кеңеши Гулистан айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышын көрүп чыгып, айыл өкмөтү тарабынан стратегиялык планда каралган бир катар иштер аткарылгандыгын, айрыкча социалдык чөйрөдө пландаштырылган иштер толугу менен аткарылгандыгын белгилейт. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана инвестиция саясаты боюнча туруктуу иш жүргүзүлбөйт жаткандыгы боюнча кемчиликтерди белгилеп, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамынын 4-бөлүмдүн 31-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышын кемчиликтерди белгилөө менен канаатандырарлы деп белгиленсин.
2. Гулистан айыл аймагынын 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планы бекитилсин. (тиркелет)
3. Айыл аймагындагы бардык чөйрөлөрдө жүргүзүлүп жаткан иштер стратегиялык пландын негизинде алып барылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |
“БЕКИТЕМИН” Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы:__________Э.Шаназаров “19”декабрь 2017-жыл
| “БЕКИТЕМИН” Гулистан айылдык кеңешинин депутаттарынын № IX-6 сессиясынын чечими “19” декабрь 2017-жыл Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы _________И.Ташматов
|
ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ РАЙОНУНУН
ГУЛИСТАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
2018-2023-жылдарга
ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНҮН
СТРАТЕГИЯЛЫК
П Л А Н Ы
Бул өнүгүү Стратегиясы жана Инвестициялык План Гулистан айыл кеңешинин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жамааттардын демилгечи топторун катышуусун негизинде жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүу стратегиясынын негизинде жумушчу топ тарабынан иштелип чыгылды.
2018-жыл
| Киришуу |
|
I | Гулистан айыл аймагын туруктуу өнүктүрүү үчүн жергиликтүү потенциалы |
|
II | Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалына анализ |
|
III | Аймактын көйгөйлөрү |
|
IV | Туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык максаттары/багыттары |
|
| №1 приоритет: Аймактагы мектеп окуучуларынын билим алуусу үчүн жеткиликтүү шарт тузуу |
|
| №2 приоритет: «Айыл аймактын инфраструктурасын жакшыртуу» |
|
| №3 Приоритет: Аймактагы туризм тармагын өнүктүрүү |
|
V | Ресурстар |
|
VI | Тоскоолдуктар жана аларды кыскартуунун жолдору |
|
VII | Стратегияны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо |
|
| Демилгелүү топтун тизмеси |
|
КИРИШ СӨЗ
Бул атайын түзүлгөн, жумуш топ иштеп чыккан, сунушталып жаткан документ Ноокат районунун Гулистан айыл аймагынын 2018-жылга Туруктуу Өнүгүүсүнүн Стратегиялык планынын (мындан ары стратегия) максаттын, милдеттерин, приоритеттерин жана өнүгүүсүнө түрткү берүүчү иш-чараларын аныктайт.
Бул иштелип чыккан документ Гулистан айыл аймагынын 2018-2023-жылдарга “Аймакты өнктүрүүнүн стратегиялык планынын”, туруктуу өнүгүүнүн 2018-2023-жылдарга Улуттук стратегиясынын, КР ЖК бекитилген КРнын туруктуу өнүгүүгө өтүү Планы жана Программаларынын, КР Өкмөтү тарабынан бекитилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү Программаларынын негизинде түзүлгөн.
Гулистан айыл аймагынын сунушталып жаткан Туруктуу Өнүгүүнүн Стратегиялык планы жергиликтүү коомчулук, айыл кеңештин депутаттары, аймактагы бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана айыл өкмөттүн аппараты менен талкуулангандан кийин кабыл алынды. Ошондой эле бул документ бир гана жергиликтүү бийлик ишке ашыра турган пландар эмес, бул планды ишке ашырууга катышууга кызыкдар тараптар үчүн маалыматтык колдонмо болуп эсептелет.
Стратегиянын негизги максаты:
Гулистан айыл аймагындагы жергиликтүү тургундардын приориттерине негизделген программаларды ишке ашырууда ички жана сырткы ресурстарды пайдаланууну бирдиктүү пландаштыруу аркылуу социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүү.