Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры 7/5
Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылдын бюджетин бекитүү,2019-2020-жылдардын болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Экономика жана Каржы бөлүмүнүн башчысы А.Тажибаеванын отчетун угуп,Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолдуу көлөмүн “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Республикалык бюджеттери жөнүндө №371 4-V” мыйзамдардын негизинде түзүлүп сунушталып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көтөрмө айыл аймагынын айыл кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгы эске алуу менен Көтөрмө айыл аймагынын айыл кеңешинин сессиясы төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетинин киреше бөлүмүнүн аткарылышы өзгөртүүлөрү менен 15047,2мин сомго,чыгаша бөлүмүнүн аткарылуусу 14664,1сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Көтөрмо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин киреше бөлүгү атайын каражатсыз 11830,2мин сом, чыгашалар боюнча жетишпестигин эске алуу менен 11830,2 мин сом өлчөмүндө №1,2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга атайын каражаттар боюнча киреше жана чыгаша бөлүгү 1287,2 мин сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайк бекитилсин.
4. Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору атайын каражатсыз 13084,8мин сом №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору атайын каражатсыз 12865,4мин сом №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2018-жылга Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылануучу чыгымдары анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча эмгек акы,соц.фонд чегерүүлөр тамак аш коммуналдык кызмат беренелерине чыгымдоолор жүргүзүлсүн.
7. Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинен чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар штаттык бирдиктер нормативдик актылар өзгөргөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
8. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик мекеме уюмдар тарабынан бюджеттик каражаттарды регионалдык казына бөлүмүнө кириштелбей туруп,сарптоого тыюуу салынсын.
9. Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралган бюджети 2018-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көтөрмө айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы А.Тажибаевага жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Айтмат уулу Акжол |
Көтөрмө айыл аймагынын айыл Кеңешинин
кезектеги (VI чакырылыш) VII сессиясынын
19-декабрь 2018-жылгы бектилген бюджетине
№ 7/5 токтомунун № 1 тиркемеси
Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2018-жылдын кирешелери Тиркеме №1
Киреше бөлүгү
Класиффик ациясы | Жергиликтүү бюджеттин кирешелердин аталышы | 2018-ж |
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 1234,3 |
11122100 | Милдетуүүпатенттин негизинде салык | 0 |
11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 286,0 |
11311200 | 2-топтогу ишкердик иш үчүн пайдаланылган кыймыйсыз мүлккө салык | 44,2 |
11312110 | Юридикалык жактардын транспортук каражаттарына салык | 6,4 |
11312120 | Жеке жактардын транспортук каражаттарына салык | 720,4 |
11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 85,3 |
11321200 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу жер салыгы | 140,0 |
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жнрлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 150,0
|
11412100 | Сатуудан салык | 49,1 |
11442 | Роялти | 7,0 |
14151200 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясына кармоо үчүн акы | 716,0 |
14152100 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 60,0 |
14152600 | Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы | 4,5 |
14221700 | Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым | 117,6 |
| Жалпы | 3864,2 |
| Теңдештирүүчү грант | 7966,0 |
| Жалпы | 7966,0 |
| Баары | 11830,2 |
Көтөрмө айыл аймагынын айыл Кеңешинин
жооптуу катчысы: З.Баатырова
Көтөрмө айыл аймагынын айыл Кеңешинин
кезектеги (VI чакырылыш) VII сессиясынын
19-декабрь 2018-жылгы бектилген
бюджетине № 7/5 токтомунун № 3 тиркемеси
Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2018-жылдын кирешелери
Тиркеме №3
Атайын каражат
Класиффикациясы | Жергиликтүү бюджеттин кирешелердин аталышы | 2018-ж |
| Атайын каражат |
|
14232400 | Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы | 1287,3 |
| Жалпы | 1287,3 |
| Чыгашалар |
|
2218 | Тамак аш азыктарын алуу | 1287,3 |
| Жалпы | 1287,3 |