Редакцияот 28.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы

 

2017-жылдын 28-марты № 8

Шекер айылдык аймагындагы Т.Айтматов орто мектебинин жана Арчагул айылындагы мечиттин тегерегиндеги тал теректерди кесүү үчүн Шекер айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шекер айылындагы Т.Айтматов орто мектебинин тегерегиндеги 88(сексен сегиз) даана мырза терек,Арчагул айылындагы мечиттин тегерегинен 16(он алты) даана мырза терек жана Шекер-Аманбаев афто жолунун күн батыш тарабындагы 23 (жыйырма үч) даана кара жыгач кесилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Калыбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

С. Жунусов