Редакцияот 25.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Үгүт айылдык кеӊешинин ХI сессиясы

 

2018-жылдын 25-январы №ХI/5

Үгүт жайыт комитетинин 2018-жылдагы иш планын жана бюджетин кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Үгүт айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үгүт айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш планы кабыл алынсын жана бюджетинин кирешесинин жана чыгашасынын долбоору 206600 сом болуп бекитилсин.

2. Кабыл алынган иш план боюнча иш алып баруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Жусубалиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р. Майрыкеева