Редакцияот 25.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Үгүт айылдык кеӊешинин ХI сессиясы

 

2018-жылдын 25-январы №ХI/7

Үрөөн фондусунун уставын жана курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Үгүт айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үгүт айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Үгүт-Берекеси» үрөөн фондусунун уставы бекитилсин. «Үгүт-Берекеси» үрөөн фондусунун курамына төмөндөгүлөр киргизилсин: Ө.Чыныбаев; К.Тилекбаев; А.Кожоманбетов; Б.Эсенгулов; Т.Момбеков.

2. Түзүлгөн фонддун курамына уставдын негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р. Майрыкеева