Редакцияот 25.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Үгүт айылдык кеӊешинин ХI сессиясы

 

2018-жылдын 25-январы №ХI/9

 «Айдос» балдар бакчасынын ремонтуна өздүк салым которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине ылайык Үгүт айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үгүт айылындагы ФАПтын жана «Айдос» бала бакчасынын капиталдык ремонту айылдагы башка көйгөйлү маселелерден артыкчылыктуу деп табылсын.

2. Үгүт айылындагы ФАПтын жана «Айдос» бала бакчасынын капиталдык ремонтуна өздүк салым үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50 (элүү) миӊ сом бөлүнүп берилсин.

3. Үгүт айылындагы ФАПтын жана «Айдос» бала бакчасынын имаратын капиталдык ремонттоо боюнча түзүлгөн демилгелүү топтун курамы бекитилсин.

 

Төрага

Р. Майрыкеева