Редакцияот 09.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчии сессиясы

 

2018-жылдын 09-февралы № 5

Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймактык башкы адис-юристи У.Алибаев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзуна мүчөлүк акыны төлөп берүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бюджеттик классификациясындагы “Ассоциацияларга жана Союздарга мүчөлүк акылар” деген нормага ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы 9144 (тогуз миң бир жүз кырк төрт) сом акча каражаты бөлүнуп берилсин:

2. Токтомдун аткарылышыны көзөмолгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ы. Ж. Эрмаматов