Редакцияот 09.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашка-Суу айылдык аймактык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчии сессиясы

 

2018-жылдын 09-февралы № 6

Жол акысын бекитип берүү жөнүндө

Кашка-Суу айылынын тургуну Сүйүндүк уулу Нурбектин мамлекеттик номери 2911 OAD “Мерседес-Бенц311” үлгүсүндөгү кичи автобус менен Кашка-Суу-Дароот-Коргон-Кашка-Суу айылдар аралыгындагы маршурттук каттам жүргүзүү үчүн жүргүнчүлөрдүн жол акысынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүйүндүк уулу Нурбектинмаршурттук каттам жүргүзүүдө жүргүнчүлөрдүн жол акысы, Кашка-Суу-Дароот-Коргон 50 (элүү) сом жана Дароот-Коргон-Кашка-Суу 50 (элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

Ы.Ж. Эрмаматов