Редакцияот 10.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз V -сессиясы

 

2017-жылдын 10-июлу № 3

Атайын техника алуу жөнүндө

Могол жайыт пайдалануучулар бирикмесинен АРИС тин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында атайын техника сатып алуу долбоорун жактыруу жана жергилдиктүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Могол айыл Өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезексиз V –сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. АРИС тин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында атайын техника (спец техника) сатып алуу долбоору жактырылсын.

2. АРИС тин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында атайын техника (спец техника) сатып алууга 25% салымдын эсебинен 300 миӊ акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин, иштин аткарылышы ФЭБ башчысы К.Тиркашевке милдеттендирилсин.

3. АРИС тин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында атайын техника (спец техника) сатып алууга 25% салымдын калган суммасын 300 сомдон ар бир үй бүлөдөн чогултуу айыл башчыларына жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Омурзаков