Редакцияот 13.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги VIII отуруму

 

2017-жылдын 13-июлу № 23

Куршаб айыл өкмөтүнүн №2-айылдын М.Горький көчөсүнүн тургундарынын арызы жөнүндө

Куршаб айыл өкмөтүнүн №2-айылдын М.Горький көчөсүнүн тургундарынын М.Горький көчөсүнө маркум Адыл Пусуровдун ысмын коюп берүү жөнүндөгү 5-июнь 2017-ж. №1 протоколун, 2017-жылдын 17-март күнү жазган арызын жана Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн №3-2378 22.05.2017-ж.сунуш катын карап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги VII отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 .Куршаб айыл өкмөтүнүн №2-айылдын М.Горький көчөсүнүн тургундарынын 2017-жылдын 17-март күнү жазган арызы канааттандырылсын.

2. Куршаб айыл өкмөтүнүн №2-айылдын М.Горький көчөсүнө маркум Адыл Пусуровдун ысмы ыйгарылсын

3. Көчөнү таза кармоо, шагыл төктүрүү, көпүрөсүн оң абалда кармоо маркумдун туугандарына жана көчөнүн тургундарына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Сабытбек уулу Бактыяр