Редакцияот 20.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы шайланган) кезектеги жетинчи сессиясы

2017-жылдын 20-декабры № 7-10

“Тажибай атындагы орто мектебине ыссык тамак уюштурууга Мерсико фондунан алынып келүүчү жабдуулар үчүн өздүк салымга акча каражатын бекитүү жөнүндө”

 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Тажибай атындагы орто мектебине ыссык тамак уюштурууга Мерсико фондунан алынып келүүчү

жабдуулар үчүн өздүк салымга акча каражатын бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү ” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айыл кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына, 18-беренесинин 3-пунктына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Тажибай атындагы орто мектебине ыссык тамак уюштурууга Мерсико фондунан алынып келүүчү жабдуулар үчүн өздүк салымга 709 - бөлүм 3111- беренеге 100,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бекитилсин.

 2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К.Назарбаев