Редакцияот 22.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ХI- СЕССИЯСЫ

2018-жылдын 22-февралы № 2

«Багыш айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын иш-планын негизинде төрагаларынын өз чечимин чыгаруу жөнүндө»

Багыш айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын иш-планын негизинде төрагаларынын өз чечимин чыгаруу жөнүндө маалыматын карап жана угуп Багыш айылдык Кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1.    Багыш айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары аткаруу бийлиги менен биргеликте 2018-жылга карата «Аймактарды өнүктүрүү» программасынын негизинде иш-пландарын иштеп чыгышсын 1-ай мөөнөт менен милдеттендирилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын айыл өкмөткө жана айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Түменбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Саражиев