КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2018-жылдын 17-апрели № 7/2
“Керме-Тоо айыл өкмөтүндө такси кызматын көрсөтүп жаткан атуулдар үчүн такси токтоочу жайды бекитүү жөнүндө”
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, айылдык кеңештин депутаттарынын төрагасы Жунус уулу Илязбектин сунушун угуп, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүндө такси кызматын көрсөтүп жаткан атуулдар үчүн такси токтоочу жай айыл өкмөтүнүн стадионунун жанына токтотулсун.
2. Токтомду аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Шерматовго милдеттендирилсин
Төрага | Жунус уулу Илязбек |