Редакцияот 15.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-ЧАКЫРЫК XVI- СЕССИЯСЫ

2018-жылдын 15-ноябры № 07

“Айым-Арал айылынын көчөсүнө Эне-Сай атын коюу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Айым-Арал,Теплица айылынын тургундарынын 2018-жылдын 10-ноябрында өткөрүлгөн чогулушунун протоколунун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XVI- сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Айым-Арал айылынын көчөсүнө Эне-Сай аты ыйгарылсын.

2.Бул көчөдөгү үйлөрдү номерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу айыл башчы А.Тойчиевага жүктөтүлсүн.

3.Эне-Сай атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнүнө милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Шермат уулу Алмаз