Редакцияот 18.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII- чакырылышынын VIII-сессиясы

2017-жылдын 18-октябры № 66

«Өздөштүрүп алган жерин бир багыттан башка багытка которуу жөнүндө»

Айыл Кеӊешинин XXVII-чакырылышынын VIII- сессиясынын күн тартибине коюлган Өмүрмолдоев Бактыбек Төлөмүшовичтин эски автоунаага май куйуучу жайын сатып алып,айыл чарба багытында өздөштүрүп алгандыгына байланыштуу,ал жерди айыл чарба багытында катары колдонуп жаткандыгы тууралуу маселени карап,талкуулап төмөндөгүдөй:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Б.Т.Өмүрмолдоев эски май куйуучу жайды айыл чарба багытында өздөштүрүп алгандыгына байланыштуу,ал жерди бир багыттан башка багытка которуп берүү жагы Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

2.Токтом райондук ММКна жарыялансын,облустук юситиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

 

Төрага

Т.Б.Исмаилов