Редакцияот 22.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБДРАХМАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII- чакырылышынын кезектеги IX -сессиясы

2017-жылдын 22-декабры № 73

 «Абдрахманов айыл аймагынын 2018-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2019-2020-жылдырга жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө»

КРнын «Жергиликтүү өз алданча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун жана Айыл аймагынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап,талкуулап чыгып Абдрахманов айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Абдрахманов айыл аймагынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 4154,2(Төрт миллион бир жүз элүү төрт миң бир жүз ) сом мунун ичинен теңдештирүүчү грант 2419 (эки миллион төрт жүз он тогуз миң) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөру жана толуктолору менен бекитилсин.

2.Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы белгиленген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.

3.2019-жылга жергиликтүү бюджеттин көлөмүңүн долбоору кирешелер жана чыгашалар боюнча 4145,7 миң сомго бекитилсин,мунун ичинен тендөөчү гранты-2364,6 миң сом.2020-жылга жергиликтүү бюджеттин көлөмүнүн долбоору кирешелер жана чыгашалар боюнча 4071,6 миң сомго бекитилсин,мунун ичинен теңдөөчү гранты 2240,5 миң сом.

4.Токтомдун аткарылышы Айыл аймагынын башчысы У.С.Апсатаровго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.А.Исабаевге милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарлышын көзөмөлгө алуу жагы Бюджет,финансы-экономика,инвестиция тартуу,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнса туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

6.Токтом райондук ММКна жарыялансын,облустук юстиция башкармалыгынана каттоодон өткөрүлсүн.

 

Төрага

Т.Б.Исмаилов