АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык Кенешинин 7-чакырылышынын 10-сессиясы
2018-жылдын 17-апрели № 4
Аманбаев айылдык Кеңеши жашылдандыруу үчүн берилген жана бериле турган жерлер жөнүндөгү маселелерди карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев айыл өкмөтүндөгү 2018-жылга чейинки аралыкта,жашылдандырууга берилген жерлерге,комиссия түзүп текшерүүдөн өткөрүлсүн.
2. Максатсыз башка багытта пайдаланылган жерлер айыл өкмөтүнө кайтарылсын.
3. Жашылдандыруу үчүн түшкөн арыздарды карап чыгуу үчүн Кеңештин туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтүнүн биргелешкен комиссиясы түзүлсүн.
4. Токтомдун аткарууга айыл өкмөт башчысы М.Темирбековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Төрага | Джеенчороев К.С |