Редакцияот 10.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Саз айылдык кеңештин XXYII чакырылышынын 1 – сессиясы

 

2018-жылдын 10-январы № 1/6

Бодо малдарды идентификациялоо жөнүндө

 

Саз айылдык кенеш сессияда Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 18-декабрь 2017-жылдагы жиберген катын карап чыгып талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Саз айыл өкмөтүнүн аймагында бодо малдарды идентификациялоо жүргүзүлсүн.

2. Идентификациялоо акысы бир баш бодо малга 100 сом анын ичинде -38 сом биркага төлөнүп, 42 сом мал догдурга эмгек акы, 20 сом операторго эмгек акы болуп чегерилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө айыл өкмөтү А.Жумашалиевке жүктөлсүн.

 

Төрага

К. Сарымсаков