Редакцияот 29.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын IV сессиясы

2017-жылдын 29-декабры № 67

Туура-Суу-2 айылындагы ФАПтын имаратынын капиталдык ремонтунун кош салымы жөнүндө

Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эсенгелдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Туура-Суу-2 айылындагы ФАПтын имаратынын капиталдык ремонтун толук жана сапаттуу бүткөрүү максатында Улахол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Улахол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы калган калдык акча каражатынын эсебинен Туура-Суу айылдык ФАПтын ремонтуна кош салым катары 150 ООО сом бөлүнүп берилсин.

2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эсенгелдиевге милдеггендирилсин.

 

Төрага

Т.Ашымов