Редакцияот 19.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

7-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

 

2018-жылдын 19-февралы № 7/1

2017-жылдын жыйынтыгы менен Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык жактан өнүгүшүнүн абалы боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевдин берген маалыматы жөнүндө

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевдин 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап жетишкендиктерди жана анча- мынча кемчиликтерди эске алуу менен канаатандыраарлык деп табылсын.

2. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жылга карата милдеттерин долбоору Кызыл-Жар айылдык Кеншинин депутаттары тарабынан жактырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин участкалык депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджетинин иштетилишинин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Карагозуевке тапшырылсын.

 

Төрага

С.Матикеев