Редакцияот 15.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 15-сентябры № 56

Бакай-Ата айылынын эски АЗС жайгашкан жерлерди ирээтке келтирүү жөнүндө

Ленинполь айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 15-сентябрындагы кезексиз сессиясы Бакай-Ата айылынын эски АЗС жайгашкан жерлерди ирээтке келтирүүнү карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бакай-Ата айылынын эски АЗС жайгашкан трасса жээгиндеги үлүш жерлердин чектери ирээтке келтирилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жана жер комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Шадыбеков