Редакцияот 19.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 19-декабры № 55/VIII-27

Ветеринардык кызматтын баа төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн ветеринардык дарыгери, адис И. Сулеймановдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын Ысык-Ата райондук башкармалыгынын сунуштаган малдарды даарылоодо жана вакцина кылуудагы ветеринардык кызматтын баа төлөмдөрүн угуп жана талкуулап,

Кочкорбаев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Малдарды тейлөөдөгү ветеринардык кызматтын сунушталган баа төлөмдөрү бекитилсин.

2. Токтомду көзөмөлдөө жагы каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы В. Гарбузнякка жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Албекенов