Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2018-жылдын 10-декабры № 83
“Рус Өмүр” жоопкерчилиги чектелген коомуна кум шагалдарды иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө
“РусӨмүр” жоопкерчилиги чектелген коомуна, Ак-Турпак-1 деп аталган Сох дарыясынын боюнан кум-шагалдарды изилдөө жана иштетүү боюнча лицензиясынын негизинде макулдук берүү үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын талабы боюнча “РусӨмүр” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги тарабынан эч ким катышпагандыгына байланыштуу талкуу жүрүп Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “РусӨмүр” жоопкерчилиги чектелген коомуна, Ак-Турпак-1 деп аталган Сох дарыясынын боюнан кум-шагалдарды изилдөө жана иштетүү боюнча лицензиясынын негизинде макулдук берүү кийинки сессияга калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Соорбаев |