Редакцияот 10.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы 

2018-жылдын 10-декабры № 84

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитип берүү жөнүндө

  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин №01-18/126 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитип берүү боюнча депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобосу бекитилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

М.Соорбаев